"Сыймыктана турган башка окуя жок болсо керек...". Рэпер Моргенштерн Жеңиш күнүн майрамдоонун кажети жок деген пикирин айтып талкууга калды

Орусиялык чуулуу рэпер Алишер Моргенштерн Жеңиш күнү эмнеге ушул убакка чейин майрамдалып келерин түшүнбөй тургандыгын айтып, талкууга жем таштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, музыкант мындай билдирүүсүн белгилүү орусиялык теле алып баруучу Ксения Собчакка берген интервьюсунда айткан.

"Мен 76 жыл мурун болгон Жеңиш күнүн эч эле түшүнбөйм. Бул күндү белгилөө үчүн жыл сайын миллиондогон акча сарпталат. Бул күндү майрамдоонун кандай кажети бар? Балким, сыймыктана турган башка эч нерсе жоктур... Качандыр бир убакта жеңишке жеткенин жыл сайын эстеп туруу үчүн белгилешеби... Улуу Жеңиш, ооба бул жакшы, бирок дагы алдыга жылыш керек да, эмнеге кайрадан жеңиш жарата албайбыз? Маселен маалыматтык технология, космостук технологияда жеңиш жаратышсын", - деген рэпер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Medina87
2021-10-26 18:55:57
Сенин Чон Аталарын Фашисттерден Элин,жерин коргоп Тынчтык орнотпогондо Сен минтип Реп айтып чардап журмок эмессин деп тушундуруп айта турган бироо жарым табылбаппы мынау озу да Стили Фашистти туураган Акмакка!
+1
Neizvestno777
2021-10-26 19:27:52
Бир жагынан туура ,не кереги миллиондогон суммаларды расход кылып
-2
Antiradikal3
2021-10-26 19:53:09
Neizvestno777, сени бироо миллиондорду чач деп зордогон жери жок. Бирок ата-бабандын силердин келечегинер учун кан кечип ажалга моюн сунганын эскербесен, анда манкурт экенин ошол.......
-5
Jibani
2021-10-26 20:15:42
Neizvestno777,тооктункундай да мээн жок экен ай
-4
Neizvestno777
2021-10-26 22:02:46
Jibani,Тооктукундай мээн болсо ойлонуп кор да, эмне кереги бар ысырап кылып ,туура айтып жатат.Башка пайдалуу нерсеге жумшап онукконубуз жакшы
+2
Jibani
2021-10-26 22:44:31
Neizvestno777,эмне согушка катышып жандарын Курман кылып ошолор керек болсо сага азыркы жашоону берди эмне ошолорду эскерип койуш сага оорбу?
+6
Rusi79
2021-10-26 20:13:19
Жениш кунун белгилештин мааниси биз жендик деп мактаныш эмес.
1.Милиондогон мекен учун канын,жанын берген ата бабаларды эскеруу.
2.Келечек муунга согуштун трагедиялык кесепеттерин жеткируу.
3.Граждандарды мекенди суйууго жана коргоого тарбиялоо.
4.Согуштук парад откоруу менен оз жана башка элге аскердик кучун демонстрация кылуу деп ойлойм.
+7
Agayu
2021-10-26 21:03:51
Миллиондогон акчаны блондинка кыздарга бере берип экономист болуп калган окшойт. Россия Украина согуш болсо Моргени биринчи айдаш керек Согуш деген эмне экенин тушунот эле.Согуш болбосун Гитлерге окшош нацис болбосун. Атак жэр шаары которо албайт миндеген ядерная бомба бар .Эйнштейн айткандай 3 дуйнолук согуштан кийин , таш кесектер менен согушуп калбайлы.
+9
Ala.too.456
2021-10-26 21:18:39
Бул каапырдын ырын деле уккан эмесмин. Корунушу элу бир бузуку эркектей...
+8
bond0202
2021-10-26 22:20:47
Нацист экен да.бул айбанга биздикилер деле кошулуп минустарды басып кетишиптирго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан