Баңгизаттарды сатууга шектелген коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө баңгизаттарды саткан чет элдик жаран кармалды.
Аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында Тажикстан менен чектешкен жолдо баңгизаттарды жеткирүүнү уюштуруп жана сатууну көздөгөн Тажикстан Республикасынын З.З. аттуу жараны кармалган. Ага карата тинтүү жүргүзүү учурунда скотч менен таңгакталган 9 килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар гашиш баңгизаты табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат Ооганстанда өндүрүлгөн гашиш баңгизаты экени аныкталып, жалпы салмагы 9 килограмм 521 граммды түзгөн. Азыркы учурда З.З. аттуу жаран Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы республика боюнча ушундай фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүүдө.