"Клексан", "АЦЦ". Салмагы 400 килограмм болгон дары каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү ишине бөгөт коюлду

Өлкө аймагына ири көлөмдө дары каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул туурасында Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, "Манас" бажысы менен УКМКнын кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында Хюндай Портер унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган.

"Анда М.Т.Б. аттуу Кыргыз жаранынын дарегине товарлардын партиясын жөнөтүлгөнү аныкталды. Унааны кароо учурунда 2495 таңгак “АЦЦ”, 205 таңгак инъекциялар үчүн эритме, "Клексан 6000 анти-Ха МЕ/0,6 мл", 200 таңгактагы инъекциялар үчүн эритме, Эноксапарин натрия “Клексан 4000 анти-Ха МЕ/0,6 мл” аталышындагы дары-дармек каражаттары табылган.

Алынган дарылардын жалпы брутто салмагы авиа коштомо барагында 298 килограмм деп көрсөтүлгөн, кайра таразага тартканда 400 килограмм экени тастыкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган. Материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан