Бишкектеги клубдардын биринде белгисиз жарандар мушташып, окуя бычак саюу менен коштолду. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, окуяга шектүү колго түшүрүлүп, учурда тергөө иштери улантылууда.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, окуя 21-октябрга караган түнү катталган. Анда саат 02:45те милициянын нөөмөт бөлүмүнө Байтик Баатыр жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги клубда белгисиз жарандар мушташып, бири экинчисине бычак сайып, дагы биринин башына жаракат келтирди деген билдирүү түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө мушташка тиешеси бар делинип 21 жаштагы Х.У. жана Б.Ж., 20 жаштагы К.Б. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Биринчи Май райондук соту тарабынан 20 жаштагы К.Б`га СИЗО-1ге камакка алуу чечими кабыл алынды. Ал эми 21 жаштагы эки жаран үй камагына чыгарылды", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.