Казакстан Ооганстандан келген аялдар үчүн транзиттик коридор берди. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев гуманитардык тармактагы эл аралык милдеттемелерди эске алуу менен Ооганстандагы сот, депутат сыяктуу мамлекеттик кызматтарда иштеген аялдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүсү үчүн транзиттик коридор берүү чечимин кабыл алды.
"Ооган аялдары үчүн берилген транзиттик коридор эл аралык бейөкмөт уюмдар менен биргеликте Алматыдагы аэропорт аркылуу ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.