Орусиянын Калининград облусундагы Балтийск шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ баллон жарылып, өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Үйдүн биринчи кабатында болгон жарылуудан улам бир адам жабыркап, беш кабаттуу үйдүн терезе айнектери сынды.
Өрт болгон жерден 13 адам эвакуацияланды.
Өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылып, өрт толугу менен өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.