Пекинде кийинки жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын медалдары кандай болору көрсөтүлдү (сүрөт)

Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин өтө турган кышкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын уюштуруучулары жеңүүчүлөргө тапшырыла турган медалдардын үлгүлөрүн жарыялады.

Алтын, күмүш жана коло байгелеринин сүрөтү уюштуруу комитетинин Твиттер баракчасына жайгаштырылган.

Жарыяланган сүрөттөрдөн медалдардын алдыңкы бетинде беш Олимпиада шакегинин логотиби чегерилгенин, 2022-жылы боло турган Олимпиада оюнунун толук аталышын жана 24 чекиттүү шакекчелер менен кооздолгонун көрүүгө болот.

"Алар чексиз жылдыздуу асманды жана адамдын табиятка болгон гармониясын, ошондой эле Олимпиада оюндарынын (XXIV) катар номерин билдирет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaynak
2021-10-27 09:37:45
Кыргызстандан кимдер барат ошондо кышкыга
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан