Бишкекте изделип жаткан эркек кишинин жансыз денеси каналдан табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 21:50 чамасында Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, суудан 10-октябрь күнү каналга түшүп кеткен 35 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маркумдун аты-жөнү туугандары тарабынан тастыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан