Forbes басылмасы Илон Маскты тарыхтагы эң бай адам деп атады

Америкалык инженер жана ишкер Илон Масктын байлыгы 271 миллиард долларга чейин жетти. Бул көрсөткүчү менен ал тарыхтагы эң бай адам деп аталды. Бул тууралуу Forbes басылмасына шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, дүйшөмбү күнү "Tesla" компаниясынын акцияларынын баасы 13 пайызга жогорулаган. Муну менен Илон Масктын байлыгы 271 миллиард 300 миллион долларды түзгөн. 22-октябрдан тарта ишкердин кирешеси 41 миллиард 700 миллион долларга жогорулаган.

Буга чейин 212 миллиард доллар кирешеси менен "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос тарыхтагы эң бай адам аталып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2021-10-27 12:32:34
Ушудан 4-5 миллиард Кыргызстандын карызын толоп койсон не болуп кетесин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан