Ноокатта жол кырсыгынан 2 адам жабыркады

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында оор жүк ташуучу КамАЗ жана Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter унаасындагы 2 эркек киши жабыркаган, учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы Ноокат райондук ооруканага алып кеткен.

Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан