"Кайнар" ресторанында чарадагы чак-чак күйгөн. Өрт жайылган жок (фото)

Бүгүн, 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги "Кайнар" ресторанында өрт чыкканын маалымдаган. ӨКМ өрт саат 09:00дө чектөөгө алынып, саат 09:21де өчүрүлгөнүн билдирген.

SUPER.KG порталынын кабарчысы жерине барып абал менен таанышты. Андагы кызматкерлердин айтымында, чарага салынган чак-чак күйүп кеткен. Ресторандын кызматкерлери өрт өчүрүүчүлөрдү чакырышкан. Бактыга жараша, өрт жайылган эмес.

Чак-чак күйгөндө имаратты калың, коюу кара түтүн каптап кеткен. Мындан улам жумушчулар дүрбөлөңгө түшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан