Бишкекте соода борборлордун биринде аялына кол көтөргөн окуя. Келиндин жолдошу кармалды

Интернет колдонуучулар тарабынан социалдык тармакка келин менен эркек кишинин уруша кеткен видеосу жарыяланган. Бул окуя боюнча келиндин жолдошу кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Милицияга 2002-жылы туулган Ж.А. арыз жазып, алган жаракатына медициналык экспертизалар дайындалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми келиндин күйөөсүнүн аты-жөнү аныкталып, ал 1994-жылы туулган Т.А. аттуу жаран экендиги белгилүү болгон. Учурда ал тергөө бөлүмүнө алып келинген. Экспертизанын чыккан жыйынтыгы боюнча бул окуяга юридикалык баа берилмекчи", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан