"Мээрим Жуманазарованы унутуп". Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов Айсулуу Тыныбекова боюнча жазган билдирүүсүн оңдоду

"Лондон-2012" жана "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн учурдагы чемпиону, орусиялык балбан Роман Власов кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова боюнча социалдык тармакка жазган билдирүүсүн оңдоду.

Власов алгач Тыныбекова менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, төмөндөгүдөй билдирүү калтырган: "Кыргыз өлкөсүнүн күрөш тарыхындагы алгачкы жана жападан жалгыз Дүйнө чемпиону. Темир айым!", - деп жазган.

Анын бул билдирүүсүнүн астына интернет колдонуучулар Айсулуу Тыныбекова Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы жалгыз Дүйнө чемпиону эмес экендигин, Мээрим Жуманазарова дагы Дүйнө чемпиону экенин жазышкан.

"Кыргыз өлкөсүнүн сыймыгы. Кыргыз өлкөсүнүн күрөшүнүн тарыхындагы алгачкы Дүйнө чемпиону. Олимпиада оюндарынын байге ээси. Темир айым", - деп оңдоду Власов.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nukura_jigit
2021-10-27 11:22:20
Шу бала биздин кызга кызыгып жүрөт а,не дебединер?
+9
suban78
2021-10-27 12:34:11
nukura_jigit,
-2
aerforce
2021-10-27 15:02:14
nukura_jigit, шондойго,)
+3
tsunse
2021-10-27 23:38:26
Шо шо шондойго
0
Taalaibek.
2021-10-28 07:45:52
Кыргызстанды дуйного таанытка Айсулууга данк!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан