Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү болжол менен саат 12:00 чамасында 102 кызматына Исанов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинен велосипед уурдалды деген чакыруу келип түшкөн.
Айтылган дарекке барган кызматкерлерге 1987-жылы туулган Ч.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 11:50 чамасында үйүнүн астынан Missile үлгүсүндөгү баасы 35 миң сомдук велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин жазган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыштын изи суй электе шектүү катары 1987-жылы туулган Н.Л. аттуу жаранды кармап, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткиришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.