Чүйдө балык уулоого кеткен жарандын жансыз денеси суудан табылды

Чүйдө суудан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 27-октябрда 102 кызматына 26-октябрь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Аламүдүн районунун Виноградное айылындагы Ат-Башы каналына 1958-жылы туулган Ч.А. аттуу эркек киши балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан