Кечээ, 11-ноябрда саат 15:05тер чамасында Ош шаарындагы Набережная көчөсүндө өрт кырсыгы катталган. Аталган көчөнүн жашоочусу А. Мамажунусовго таандык эки кабаттуу үйдүн 21 чарчы метр чатыры, 60 боо жүгөрү бакалы жана отуну күйгөн.
Өрттүн келип чыгуусуна жаш өспүрүмдөрдүн от менен ойноосу себеп болгон. Учурда келтирилген чыгымдар такталып жаткандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.