Бүгүнкү күндө "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 282ге жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
"Бүгүн, 27-октябрга карата "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 282ге жетти", - деп билдиришти департаменттен.
Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.
Буга чейин тамакка уулангандардын саны 85ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.