Бүгүн, 12-ноябрда Ош шаарынын айрым кичи райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ош электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Электр жарыгын өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылат. Аталган ишкананын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу шаардын Амир-Темир кичи районунда жана Петров, Исанов көчөлөрүндө убактылуу электр жарыгы берилбейт.