Марк Цукербергдин кол алдында иштеген мурдагы 2 кызматкер анын үй-бүлөсүн сотко берди

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана анын жубайы Присцилла Чандын үй-бүлөсүнө кызмат кылган 2 адам аларды дискриминацияга жана сексуалдык кордук көрсөтүүгө күнөөлөп сотко кайрылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, сотко бул тууралуу доо арыз 20-сентябрда эле түшкөн. Бирок бул тууралуу коомчулукка 26-октябрда гана белгилүү болгон. Арыз ээлери буга чейин ишкердин үйүндө үй тиричилигине жооп берген Жон Доу аттуу жаран жана Цукербергдин үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылган "Limitless Specialty Services LLC" компаниясында иштеген Миа Кинг экендиги айтылат маалыматта.

Ошондой эле арыз ээлери Цукербергдин үй-бүлөсү алардын эмгек акысын убагында бербей келгендигин кошумчалашкан.

Ал эми бул үй-бүлөнүн өкүлү Бен Ла Болт бул айып жалган жалаа жана ага далил жок экендигин билдирген.

Жергиликтүү телеканалдардын бири бул иш боюнча соттук отурум боло электигин жана Цукербергдин үй-бүлөсү сотко расмий жообун бербегендигин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан