Орусиялык ММА мушкери Кирилл Сидельников уюштуруучулардын катачылыгынан улам "Bellator 269" турниринде башка өлкөнүн желеги менен чыкты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, орусиялык мушкер беттешке Ирландиянын желеги астында чыккан. Ошол эле учурда анын атаандашы шотландиялык Раб Трюсдейл Франциянын желеги менен чыккан.
Кийинчерээк Сидельников бул окуяны өкүнүчтүү деп эсептей турганын айткан.
"Ирландиянын желегин желбиретип чыкканымды байкабай калганым жакшы болду. Мен дагы деле өз өлкөмдүн патриотумун. Ирландиянын желегин желбиретип жүрүү туура эмес", - деген ал.
Ал шотландиялык атаандашын беттештин биринчи бөлүгүндө эле техникалык нокаут менен жеңген.