Украинада биринчи жолу "AY.4.2" аталышындагы коронавирус штаммынын дельта мутациясын жуктурган учурлар катталды. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Даниловго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, эң коркунучтуу COVID-19 мутациясын жуктургандар Киев, Тернополь жана Львов шаарларында катталган. Коопсуздук кеңешинин катчысы өлкө вирустун туу чокусуна кирип бара жатканын, ошондуктан жакынкы келечекте эпидемиологиялык кырдаал абдан курч болорун баса белгилеген.
"Өкүнүчтүүсү, жума күнү биздин окумуштуулар изилдөөлөрүн аяктап, бүгүн Улуу Британияда башталган мутация биздин өлкөнүн аймагында мурдатан эле бар экенин тастыктадык", - деген Данилов украиналыктарды вакцина алууга чакырган.