Чүйдөгү 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Кырсыктын алдын ала себеби айтылды

Бүгүн, 27-октябрда Чүй облусунда катталган автокырсык 2 адамдын өмүрүн алып, дагы бир жаран ооруканага түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөнүн кабарлаган.

Ал эми Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кырсыктын алдын ала себебин айтты. Мекеменин маалыматына ылайык, айдоочу ылдамдыкты сактаган эмес.

"Автокырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1987-жылы туулган С.А., жүргүнчүсү Ш.А. жеринде каза болду. Андан тышкары 1987-жылы туулган З.А. аттуу жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы айланма жолдо транспорт каражаттарынын ылдамдыгы саатына 90 чакырымдан ашпоосу керектигин башкармалык эскертет", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2021-10-27 19:07:38
Айдоочу ылдамдыкты сактаган эмес???
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан