АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз өлкөсүнө 250 миң доза Pfizer вакцинасы берилди

Өлкөгө коронавируска каршы 360 миңден ашуун дозадагы вакциналар жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 250 миң дозадан ашык Pfizer жана 111 миң 600 дозада Sinofarm вакциналары алып келинди.

Белгилүү болгондой, коронавируска каршы Pfizer вакцинасы АКШнын өкмөтү тарабынан камсыздалды. Кошмо Штаттардын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер тапшыруу аземинде: "АКШ бул вакциналарды тартуулап, ар бир адам коопсуз жана эффективдүү вакцинаны ала алышы үчүн кыргыз өкмөтүнүн эмдөө кампаниясына каржылык колдоо көрсөтүүдө", - деп белгиледи.

Андан тышкары Sinofarm вакцинасынын 111 миң 600 дозасы келди. Коронавируска каршы колдонулуучу каражаттар дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында берилүүдө.

"Кыргыз мамлекети дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөй эле масштабдуу саламаттыкты сактоо кризисине туш болууда. Биз баарыбыз COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Биргелешкен аракеттер менен коронавирустук пандемияга каршы тура алабыз деп ишенем. Бизге COVID-19 менен күрөшүүдө колдон келген жардамын көрсөтүп жаткан АКШ өкмөтүнө жана өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирем", - деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан