Түркиядагы токой өртүнө шектелген Орус жарандары бошотулду. Алар өлкөдөн чыкпоого тийиш
Түркиянын Анталия шаарынын соту токойго өрт койду деген шек менен кармалган Орусиянын жети жаранын камактан бошотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Анталия шаарынын соту жактоочулардын арызын канааттандырып, шектүүлөрдү өлкөдөн сыртка чыкпоо тил каты менен бошотту. Ал эми шектүүлөргө карата кандай жаза берилери азырынча белгисиз.
Эске салсак, буга чейин Орусиянын жети жараны байкоосуздан токойду өрттөгөн деп шектелип, камакка алынган.