Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер канцлер Ангела Меркелге кызматтан кетүү күбөлүгүн тапшырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кызмат тапшыруу салтанаты кечээ, 26-октябрда Бельвю сарайында өтүп, Ангела Меркель кызматын тапшырган. Эми ал өлкөдө жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөнгө чейин мурдагы милдетин убактылуу аткарып турмай болду.
Ал эми жаңы канцлер Социал-демократиялык партиясынын лидери Олаф Шольц болору күтүлүүдө. Анын партиясы 26-сентябрдагы шайлоодо 25,7 пайыз добуш менен жеңишке жеткен.
Белгилей кетсек, Ангела Меркель Германиянын канцлери кызматына 2005-жылы келген. Ал бир канча убакыт мурда канцлер болуп шайланып келбей турганын билдирген.