АКШда окуучуларга "Игра в кальмара" сериалындагы каармандардын кийимдерин майрамда кийүүгө тыюу салынды

АКШ бийлиги Нью-Йорк штатындагы мектеп окуучулары үчүн Хэллоуин майрамында "Игра в кальмара" сериалындагы каармандардын кийимдерин кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 15 жашка чейинки балдарга аталган тасманын кийимдерин кийүүгө тыюу салынган. Өлкө бийлиги мындай чечимди сериалда зордук-зомбулук көрүнүштөрү көп болгондугу менен түшүндүргөн.

"Хэллоуин майрамында кичинекей класстын окуучуларын коркутуп албаш үчүн кийимдер өтө кандуу жана коркутуучу болбошу керек. Оюнчук кылыч же тапанча сыяктуу буюмдарды мектепке алып келүүгө болбойт. Анткени мындай көрүнүштөр мектептин талаптарына жооп бербейт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Британиядагы билим берүү мекемелери дагы тынчсыздануудан улам кореялык сериалды кичинекей балдарга көрсөтпөө өтүнүчү менен ата-энелерге кат жолдоп жатышканын маалымдалган. Ошондой эле мындай чектөөлөр Испания өлкөсүндө дагы орун алган.

Белгилей кетсек, "Игра в кальмара" сериалы Netflix кинокомпаниясы тарабынан Түштүк Корея өлкөсүндө тартылган. Бул сериал кыска убакыттын ичинде дүйнөгө кеңири жайылды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2021-10-28 10:51:14
Мага жакты сериал,2чи сезонун кутуп атам.
+1
Marni
2021-10-28 21:50:01
Как будто башка каармандардын костюмдары (ведьма, Дракула, арбак, Франкенштайн, сатана...) жүрөктү түшүрбөй тургансып. Мен үчүн бул болгону антиреклама.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан