Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан футбол боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия Кубогуна тандоо турундагы оюнда Кыргыз курамасы Оманга 1:0 эсебинде жеңилип калды.
Оман курамасы оюндун негизги убактысы аяктап, кошумча 2 мүнөттүктө гол киргизгенге үлгүрдү. Муну менен Оман курамасы 3 упай алып кетти.
Кыргыз курама командасы Бириккен Араб Эмирлиги, Индия жана Оман менен "Е" тайпасына бөлүнгөн. Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча тайпадагы бардык атаандаштарда 3төн упай бар.
Кыргыз курамасы кийинки оюнун 30-октябрда Индияга каршы өткөрөт.