Өз энесин балталап өлтүргөн деген шек менен Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну кармалды

Милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун айылдарынын биринде "өз энесин мыкаачылык менен өлтүргөн" деген шек менен 25 жаштагы жаранды колго түшүрүштү.

Милициянын маалыматына ылайык, 8-ноябрда 41 жаштагы айым укук коргоо кызматкерлерине өзүнүн 44 жаштагы эжесинин жоголуп кеткени тууралуу билдирген. Андан тышкары маркумдун 25 жаштагы уулу да ушундай эле билдирүү менен кайрылган. Алардын билдиргенине караганда, айылдын 44 жаштагы тургуну 8-ноябрда райондун борбору Кызыл-Суу айылына кетип, кайра кайтып келген эмес.

Иликтөө учурунда маркумдун жакындары  суралып, жыйынтыгында аны эң акыркы болуп уулу көргөнү билинген. Укук коргоо кызматкерлеринде  короону, сарайды, үй ичин тинтүүдөн кийин шек туулган. Алардын шеги көң жыйналган сарайдын ичиндеги борпоң жер болгон. Ал жерди казып башташканда токмоктон улам каза тапкан үй ээсинин жансыз денеси табылган. 

Бул оор кылмышка шектелип, анын 25 жаштагы уулу кармалган. Анын динге терең ишенип, атүгүл 5 маал намаз окуп жүргөнү тууралуу анын жакындары билдирет. Болжолдо энеси камыр жууруп жаткан маалда уулу артынан келип балталап салган. 

Андан тышкары ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрү жана 2 жаш бала үйдөн алыс ойноп кеткени үчүн аман калган жана окуяга күбө болушкан эмес. Жакындарынын билдиргенине караганда, кылмышка шектүүнүн акыл-эси ордунда эле. 

  Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп (97-берене, ырайымсыздык менен адам өлтүрүү), учурда кылмышка шектүү көрсөтмө берүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jikos
2013-11-12 13:08:43
Кудай озун сакта, ыйман бере коор
0
Bellator
2013-11-12 13:35:36
5 маал намаз окуган
-------------------
Ушундай мусулмандардан Кудай озу сактасын.
0
Kg.lady
2013-11-12 13:55:39
Кок мээ!!!
0
Beka_89_kg
2013-11-12 18:49:52
Намаз окуган адам кантип олтурсун кудай сактаааа не деген заман болуп кетти
0
Bagysh
2013-11-13 00:30:13
Бала эмес канкор жырткыч.Кудайым ушундай макулуктардан озун сакта.Энедей ыйык затты эми издеп да таппайсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан