Ош. Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Кызыл жоолук жалжалым” спектакли коюлат

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында жазуучу Чынгыз Айтматовдун калемине таандык “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу спектакль коюлат. Аталган спектакль 13-14-ноябрь күндөрү өтүп , жазуучунун 85 жылдык мааракесине арналат.

Спектаклди кыргыз маданиятына эмгек сиңирген режиссёр Талант Апыев сахналаштырат. Башкы ролдорду театрдын артисттери Солтобай Култаев, Нияз Абдразаков, Айзат Сатыбаевалар  аткарышат. Бул тууралуу аталган театрдын директорунун орун басары Шералы Бекташев билдирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан