Бишкекте Индиянын жаранына кол салып, тоногонго шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга 19-октябрда кечки саат 20:00 чамасында Москва көчөсүндө белгисиз адамдар аны коркутуп, 3 миң АКШ долларын, 7 миң сомун, төрт iPhone телефонун, дагы үч Redmi телефонун, ноутбук, кулакчын, саат, күрмө, футболка жана бут кийимин алып кетишкендигин билдирген.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин ("каракчылык") негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери беш шектүүнү кармашкан. Ленин райондук соту төрт шектүүнү Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечимин чыгарса, 17 жаштагы Н.О. ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүп берилген.
Учурда келтирилген чыгым эсептелип жатат.