"Империя пиццы" кафесинен тамакка уулангандардын саны 300гө жетти

Бүгүн, 28-октябрь күнү саат 09:00гө карата "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти. Мындай маалымат Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашевге кайрылганыбызда белгилүү болду.

"Бүгүн, 28-октябрь күнү саат 09:00гө карата "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти", - деди Мурзашев.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.

Буга чейин тамакка уулангандардын саны 85ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан