Кейиштүү сан. Күнүнө 2ден адам дегенди билдирет. 9 ай ичинде 600дөй адам жол кырсыгынан каза болду

Ушул жылдын акыркы 9 айында өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 29,2 пайызга көбөйүп, 5 миң 437ди түздү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын башчысы Азамат Исраилов жыйын учурунда билдирген.

Маалыматка ылайык, акыркы 9 айда жол кырсыгынын кесепетинен 587 адам каза болгон.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө тажрыйбасыз айдоочулардын арасынан жол эрежесин бузгандардын көбөйүшү, көчөдөгү жарыктандыруунун начардыгы, жолдордун тыгыны себеп болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayzhan12
2021-10-28 16:48:22
Согушта да мындай олбойт го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан