Чүйдө 62 жаштагы Сапарбек Абдышев изделүүдө. Ал Байтиктеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы 1959-жылы туулган Сапарбек Абдышевге издөө жарыялады.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришинче, Сапарбек Абдышев 18-сентябрь күнү Байтик айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.

Белгилери: Бою болжол менен 170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы жок, мурду кырдач, көзү кара.

Ал кыска жеңдүү ак көйнөк, кара спорттук шым, бутуна ак кроссовки кийип жүргөн.

Өзгөчө белгилери: Аппендициттин тырыгы бар, сол билегинде татуировкасы бар.

Милиция изделип жаткан адам тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312 36 35 23, 0504 77 22 77, 0550 34 33 63 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Буга чейин дагы Байтик айылындагы үйүнөн чыгып кеткен 1984-жылы туулган Айсулуу Сарлыковага издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан