Чүйдө милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген жаран кармалды

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Аламүдүн РИИБине жергиликтүү тургун кайрылып, ушул жылдын январь айында Ленин айылындагы үйүнө уурулар кирип, сыналгысын уурдап кеткенин билдирип, аларага карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы уурулук фактысына шектелип мурда соттолгон 26 жаштагы Э.С. аттуу жаран кармалган. Андан аркы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Аламүдүн районунда катталган ушул сыяктуу дагы 4 уурулук фактыларына шектелүүдө. Кармалган адам убактылуу кармоо жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан