Биз социалдык тармакта

Бишкекте токтоп турган унааны айдап кеткенге шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрда болжол менен саат 23:14 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Арча-Бешик жаңы конушунан унаа уурдалды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда, 1998-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 11:36 чамасында BMW 520 үлгүсүндөгү унаасын үйүнун жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз жарандар мыйзамсыз айдап качып кетишкен.

Издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, берилген багыттаманын негизинде Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен унааны айдап качканга шектүү катары 2003-жылы туулган Ш.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан