Испаниянын "Барселона" футболдук клубу мурдагы жарым коргоочусу Хавини башкы машыктыруучу кылып дайындоого даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каталондук клуб бул чечимди тез арада чечүүгө аракет кылып жатат. "Барселона" клубунун айрым футболчулары 41 жаштагы мурдагы футболчу менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн.
Хави карьерасынын көпчүлүк бөлүгүн "Барселона" клубунда өткөргөн (1998-2015) жана клуб менен 25 Кубок, анын ичинде 4 жолу Чемпиондор Лигасын жана 8 жолу Испания чемпиондугун жеңген. 2015-жылы "Аль-Садд" клубуна өтүп, 2019-жылы Катардын клубунда машыктыруучулук карьерасын баштап, команда менен 7 Кубок, анын ичинде өлкө чемпиондугун жеңген.
Буга чейин "Барселонанын" башкы машыктыруучусу Рональд Куман "Райо Вальекано" клубуна 0:1 эсебинде жеңилгенден кийин кызматынан алынгандыгы кабарланган.