Ош-Исфана жолунда Хундай Портер менен КамАЗ унаалары жол кырсыгына кабылып, бир айдоочу каза болду

Ош-Исфана унаа жолунда Хундай Портер менен КамАЗ унаалары жол кырсыгына кабылып, бир айдоочу каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү Ош-Исфана унаа жолунда Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасы чыгыштан-батышка карай бара жатып алдында бара жаткан КамАЗ унаасын сүзүп жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен Хундай Портердин айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп, ал эми жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы жаран Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан