Кытайдагы студенттер iPhone 12 үлгүсүндөгү смартфондордун зымсыз кубаттагычтарынын жоктугуна байланыштуу Apple компаниясын сотко беришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Пекин менен Шанхай шаарларындагы студенттер iPhone 12 смартфону кубаттагычсыз сатылганына байланыштуу Apple компаниясын сотко беришкен. Алардын айтымында, мындай жол менен аталган компания сатып алуучулардын укуктарын бузуп жатышат.
"Студенттер компаниядан iPhone 12 смартфонун сатып алышкан. Бирок анын кубаттагычы жок болгон. Тагыраагы, Apple компаниясы кубаттоочу түзүлүштөрдүн өзүнчө сатыларын айткан. Ал эми студенттер компаниянын мындай аракетин бизнес менен байланыштырууда. Ошондой эле алар смартфондор үчүн бирдиктүү кубаттагыч (USB-C) тутумун ишке ашыруу сунушун киргизишүүдө. Эгер Apple компаниясы соттон утулса, анда аталган смартфон үчүн кубаттагычтарды кайрадан иштеп чыгышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.