Талас облусунда "Тез жардам" кызматынын унаасы кырсыкка кабылып, 2 кызматкер каза болгон. Алар Бакай-Ата райондук ооруканасынын кызматкерлери болушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондун администрациясынан билдиришти.
"Тез жардам" унаасын башкарып бара жаткан кызматкер 64 жашта. Ал "Тез жардам" бөлүмүндө 1986-жылдан бери айдоочу болуп иштеп келген. Артында 5 баласы калды. Ал эми фельдшер 55 жашта. Ал биздин ооруканада 2008-жылдан бери иштеп келген. Үч баласы бар эле", - деп маалымдашты администрациядан.
Кырсык 26-октябрь күнү кечке маал Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылы менен Бакай-Ата айылынын ортосунда болгон. Анда "Тез жардам" унаасы даракты сүзгөн.