Орусиянын Мурманск облусунун тургуну эмгекке жарамсыздык баракчасын жазып берүүсүнөн баш тартканы үчүн дарыгерге кол салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кировск шаарынын 41 жаштагы тургунуна адамдын ден соолугуна атайылап жеңил залал келтирүү беренеси боюнча иш козголду.
"Бир күн мурун шектүүнүн кызы офтальмологго кирпигин узарткандан кийин ооруп калгандыгын айтып кайрылган. Ага байланыштуу кыз дарыгерден эмгекке жарамсыздык баракчасын жазып берүүнү суранган. Бирок дарыгерлер сезгенүүнүн белгилери жок деген жүйөө менен кызга баракчаны жазып берүүдөн баш тарткан. Мындан улам кыздын апасы дарыгерлерге кол салган", - деп айтылат маалыматта.