Австралиялык диетолог теринин сырткы көрүнүшүн жакшыртууга жардам берген азыктарды атады

Австралиялык диетолог Жессика Сепель теринин абалын жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн кандай азыктарды колдонуу керектигин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтып берди.

Анын айтымында, майлуу балык, боор жана бышырылган дан азыктарын күнүмдүк рациондо колдонуу ден соолукка жакшы таасир этет. Себеби бул азыктарда организмге күч-кубат берүүчү Q10 күчтүү антиоксидант бар жана омега-3 кислоталарына бай.

Мындан тышкары диетолог цитрус жемиштерин, киви, помидор жана паприканы тамактануу рационуна кошууну сунуштайт. Себеби аталган азыктардын курамында С витамини бар, ал коллаген затын иштеп чыгууга көмөктөшөт жана теринин эрте картаюусун алдын алат. Андан сырткары ашкабак, таттуу картошка, сабиз, манго жашылчалары терини ультра сыя нурлануудан коргойт.

Ошондой эле адис күн караманын уруктарын, бадамды жана шпинатты күнүмдүк тамактанууда колдонууну сунуштаган. Анткени аларда Е витамини бар. Е витамини клеткаларды зыян тартуудан коргоп, теринин картаюусун жайлатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан