Дээрлик 15 жылдан кийин "Боз салкын-2" тасмасы тартылды. Тасма чоң экрандан 25-ноябрдан тарта көрсөтүлөрүн режиссёр Эрнест Абдыжапаров билдирди.
Режиссёрдун айтымында, тасманын биринчи бөлүгү кайсы аймактарда тартылса, экинчи бөлүгү дагы дал ошол Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев жана Коргонду-Булак айылдарында тартылды. Фильмдин 15 жыл мурдагы сюжети сакталган, болгону башка адамдардын аткаруусунда, бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташтырылды.
Белгилей кетсек, тасманын экинчи бөлүгүндө ырчы Тамга менен рэпер Бегиш башкы каармандардын образын жаратышты.