Кыргыз тасмалары Борбор Азиядагы "48 саатта тасма тартуу" аталышындагы эл аралык кинофестивалда үч номинация боюнча жеңишке жетишти. Мындай маалымат Кинематография департаментинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 5-6-октябрда Бишкекте өткөн. Анда Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын кинорежиссёрлору тарабынан тартылган 54 кыска метраждуу тасма көрсөтүлгөн.
Сынактын жыйынтыгында
- Эң мыкты режиссёр - "Одна" тасмасы, "Dream" командасы;
- Эң мыкты хоррор - "GHOSTЬ" тасмасы, "IK" командасы;
- Эң мыкты фантастика - "Биомусор" тасмасы, "MCDONCHA" командасы жеңишке жеткен.