Португалиянын футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду анын сүйүктүүсү кош бойлуу экендигин, ал эгиздердин атасы болорун өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
Жарыяланган сүрөттөн футболчу жубайы Жоржина Родригести кучактап, УЗИ тарткан баракчаны кармап тургандарын көрүүгө болот.
"Биз эгиздерди күтүп жатканыбызды жарыялаганыма кубанычтамын. Жүрөгүбүз сүйүүгө толду - биз силер менен жолугушчу күндү чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп жазган футболчу.
Ал эми айрым маалыматтар боюнча Жоржина Родригес кош бойлуулуктун 12 аптасында экени кабарланууда. Муну менен Роналду бешинчи ирет ата макамына ээ болот.