"8 жаштагы кыз 23 жаштагы жигитке 3 миң долларга сатылды". Ооганстанда жакырчылыктан улам кыздарын сатышууда

Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин өлкөдөгү гуманитардык кырдаал начарлап кеткен. Кээ бир ооган үй-бүлөлөрү кыздарын адаттагыдан эрте күйөөгө сатууну же турмушка берүүнү чечишкен. Бул тууралуу видеону "Настоящее время" жарыялады.

Балдарды никеге тургузуу жана бала сатуу Ооганстанда жаңылык эмес, бирок акыркы айларда мындай учурлар көбөйгөн.

8 жаштагы Ашо 23 жаштагы ооганга 3 миң долларга сатылган. Шукрие болсо болгону бир жарым жашта, бирок атасы аны 2 миң 800 долларга сатууну чечкен.

Ашонун апасы Бибигүл кызын үй-бүлө ачкачылыкка учурап, карыздарды төлөш керек деп сатып жибергенин айтууда.

"Бизде башка арга жок. Бул жакшы иш эмес. Кудай жана анын пайгамбары бизге мындай кылгыла деп эч качан айткан эмес", - дейт аял.

Эки кыздын атасы Мохаммад Ассан: "Ачкачылыктан жана качкындар лагеринде башыбыздан кечирип жаткан кыйынчылыктардан улам эки кызымды сатууга туура келди", - дейт.

Сатып алуучунун акчасы жок болсо, ата-эне анын ордуна мал же курал алууга даяр.

Калган эки кыздын атасы Кайлан: "Нажиба менин кызым. Мен аны 500 долларга саттым. Анын күйөөсү мага 250 доллар төлөп берди. Экинчи бөлүгүн төлөп берери менен кызымды алып кетет", - деген.

"Талибан" кыймылы бийликке келгенден бери түзүлгөн туруксуз кырдаалдан улам көптөгөн оогандыктар каржылык кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп, улуттук валютанын курсу кескин төмөндөп, тышкы жардам азайган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Оогандыктар ачкачылыктан улам кыздарын сатууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
VENOM
2021-10-29 11:18:43
Талибдерди жакшы деп мактаган чумолор кана?
+22
kkkk3259780
2021-10-30 11:31:38
VENOM, эгер мээн иштесе буга чейин кимдер башкарып келсе ошолор куноолуу. Америка басып алды эле го. котуно карабай качты го.
-3
KBD1987
2021-10-29 11:21:39
Тооба кудай сактасын
+19
alimbek94
2021-10-29 11:25:03
Шарият, дин менен жашасак бактылуу болуп кетебиз деп өзүн өзү алдагандарга ушул сабак болсун. Бети башына паранжа менен хиджаб ороп алгандарга сабак. Бир жылдары афган кыз келиндери жүздөрүн ачып, билим алып, коомдо бети башын чүмкөгөндөр жок болуп кеткен. Ашынган исламчыл, молдолор бийлике келгенде кыз келиндерге азап жашоо башталган.
+8
mira28
2021-10-29 22:52:36
alimbek94,+басайын деп басалбай жатам.Мен чындыгында жоолук оронгондорго 100 пайыз каршымын.Чаптанып бойонуп кашып чектирип анан чыпыйган шымды кийип башын ороп алышат кыргыз кыздары,бул жон гана модага айланды,а бирок сырттан караган кишиге Афганистандан айырмасы эркектердин ыштан койноко толук ото элеги гана болуп калды.Ыйман,жана ынсап бул бир гана журокто болушу шарт.Мына ашырафанатизмдин акыры кандай карангылыка алып барды Афганистанды.
+5
Medina87
2021-10-29 11:25:30
"Голодомор" аттуу кино эсиме тушуп кетти, Аттин, колумдан келсе баарына жардам берээр элем..
+15
Medina87
2021-10-29 11:38:33
Medina87,
Голодомор эмес ЗУЛМАТ (АПАТ).
Мен шашып жаза салыпмын го.
Айтор, 1932- жылдардагы Казак элиндеги Ачарчылык тууралуу го.
Геноцид деп актанышат Казак Бауырлар...
Афган Элине Сабыр тилейм,Эки Доо кагышса ортосунда чымын олот деген ушу.
+7
alimbek94
2021-10-29 11:26:22
Кыз келиндердин укугун диний шарият эмес, светтик билимди, илимди өнүктүрүү менен гана сактап калат. Диний фанатизм кыргызга эч качан жарашпайт. Ишеним жүрөктө гана болуш керек. Ошол эле жетишет
+3
ayzhan12
2021-10-29 11:45:58
Азыр бизде деле талибан сымал алжыган молдолор бар, араң эле турушат. Бийликти алсак дароо кыз келиндердин жашоосуна кожоюн болуп, баскан тургандарына чейин көзөмөл кылабыз деп кыялданып.
Мындай алжыган молдодордун кыялы ишке ашпайт, анткени Кыргызстандын басымдуу эли диний фанат эмес. Көпчүлүк жаштар светтик билим алышат, диний фанатизмдин пайдасы жок экенин жакшы билишет.
+3
assanov97
2021-10-29 16:19:09
ayzhan12,сени да сатыш керек
+5
Sajakat14
2021-10-30 05:22:09
assanov97,саткандар товар беле? Колтугуңдагы жүзүңдү терип сат, сатканга эч нерсе таппай жатсаң! Айдаң кетсе талибандарга кул кылып өзүңдү сат! Киши саткандарды колдоп жатсаң!
+3
nazira...
2021-10-29 19:52:52
ayzhan12,ушу сени бир молдо бир нерсе кылып туруп таштап салган да. Аябай катуу сүйгөнсүн го ошо молдону. Эч нерсе эмес синдим башка молдону деле сүйсөң сен да динге фанат болуп каласын.
-3
Isken90
2021-10-29 13:29:26
Бир нерсе кылыш керек акмак талибдер келгиле дуба кылалы мусулмандын эн чон куралы дуба. Талибдерди жок кылыш керек
+12
bazar
2021-10-29 19:55:16
Isken90,талибдер да дуа кылып отурушат.
-4
mira28
2021-10-29 22:46:47
bazar,Талибтер саксайган сакалчан озуда сассык,ойу да сассык,билим илимден артта калган сабатсыз адам атын жабынган 2 буттуу айбандар.Алардын дубасы кабыл болбойтго,копко узабайт.Окунучтуусу кыргыздардын да 90-жылдан кийинки торолгон поколениясы акырындан ислам дининин туура эмес багытына сунгуп кирип бара жатканы кабырганы кайыштырып,кыргыздын келечегин карангылатып жатат.Бизге келген бийлик болсо,каттуу тура албайт,аларга башкысы шайлоодо добуш алуу.
+7
Dembele84
2021-10-29 14:23:50
Талибтердин ишин баалаган иттер да коп биздин олкодо.Ойлонбогон кок мээлер толуп жатат бизде!
+10
Miraida-toktosunova
2021-10-29 18:40:24
Айбандар малдар кантип наристелерди сатышты
+6
Asmat84
2021-10-29 21:16:54
Эх жараткан Аллах миң мертебе шүгүр кереметтүү кыргыз жеринде кадырлуу кыргыз болуп жаралганыма миң мертебе шүгүр
+3
Egizderim-baktim
2021-10-30 01:30:02
Дуйнолук эне баланы коргоо, жаш балдардын укугун коргогон уюмдар кана, эч ким жардам бере албайбы??Наристелер, периштелер кечиргиле. Мындай замандан Аллахым озу сактасын
+3
Sajakat14
2021-10-30 05:25:17
Согуш келсе дагы, ачкачылык келсе дагы аялдар менен балдар биринчи орунда сатылат, кордолот. Согушту эркектер уюштурат.
+3
Sajakat14
2021-10-30 05:28:31
Колунда барлар наристе кыздарды катын кылып педофилдик тилегине жетип жыргашат турбайбы! Тарыхта кыргыздар дагы жаш кыздарын айла жоктун айынан, ачкачылыктан айынан уйгурларга бир чыны унга сатканга барышкан. Элде токчулук болсун! Элде, жерде тынччылык болсун!
+4
kkkk3259780
2021-10-30 08:47:17
Торолгон наристелерди сатам деп кармалып атат го мынчалык ызы чуу салбайсынар го,
0
Dilbek
2021-10-30 09:38:39
Талибандардыкы туура кыргыздарга да ушундай жашоо керек.
-6
Birimdik5555
2021-10-30 10:21:42
Dilbek,сага керек, сенин озундун жеке башына эле буюрсун ниетин
+3
mira28
2021-10-31 03:35:12
Dilbek,Акырын чыгып кете бергиле Афганистанга,эч ким каршы болбойт.Кыргыздарга тануулабай озун кошулуп алсан бир жетишпеген кыргыздан кутулабыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан