Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 23-март күнү Бишкек ШИИББине арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда шектүү 2018-жылдын 23-мартында Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан батирин сатам деп алдоо жолу менен жабырлануучудан 21 миң 850 доллар акча каражатын жана Range Rover үлгүсүндөгү унаасын алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин берген убадасын аткарбай, из жашырып жүргөн.
2018-жылдын 13-августунда Свердлов РИИБинин тергөө кызматы кылмыш ишин козгогон. Ал эми ушул жылдын май айында иш Октябрь РИИБине өткөрүп берилген.
Териштирүү иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1962-жылы туулган М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.