Биз социалдык тармакта

Терезелери сынып, ичи караңгы. Борбордун чок ортосундагы шаар көркүн бузган имарат

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарыбыздын көркүн бузган имараттар жок эмес. Атүгүл, алар борбордун чок ортосунда жайгашып, дагы деле көңүл бурулбай, оңдоп-түзөө иштери жасалбай келгени өкүнүчтүү.

Бул имарат Бишкек шаарынын чок ортосунда, тагыраагы Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Сүрөттө көрүнүп тургандай, имараттын терезелери сынып, көп убакыт каралбай калгандай. Борбордун чок ортосунда жайгашкан бул имарат шаардын көркүн бузуп жатканы айтпаса дагы көрүнүп турат.

Аталган имарат эмнеден улам мындай абалга келип калганы жана качан оңдоп-түзөөдөн өтөрүнө кызыгып, Бишкек шаардык мэриясына байланышканыбызда, бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alishdaman
2021-11-05 11:41:22
Тактап атабыз милицияга бир деме деп кайрылсаң алар деле тактап атабыз дейт. Жогорку жакка кайрылышыса булар дагы тактап атабыз дейт. Баары эле такташат анан мактанышат жыйынтыгы жок нөл
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан