Бир сутка ичинде "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып ооруканага кайрылгандар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги ооруканаларда тамакка ууланган 22 бейтап дарыланууда. Темир жол ооруканасында 14 бейтап, шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында 5 бейтап, Улуттук госпиталда 3 бейтап бар.
Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.
Ал эми 28-октябрь күнү саат 09:00гө карата "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жеткен.