Бишкекте жүргүнчү ташыган автобустун катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Маалыматты милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 29-октябрь күнү саат 12:30 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө болгон.
Анда 8-автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен бара жатканда алдынан Хонда Фит унаасы чыккан, автобус андан буйтайм деп жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн.
Азырынча жабыркагандардын саны 10 киши.
Жеринде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.