Бишкекте жүргүнчү ташыган автобустун катышуусундагы жол кырсыгы. 15 жүргүнчү ооруканага жеткирилди (видео)

Бишкекте жүргүнчү ташыган автобустун катышуусундагы жол кырсыгы катталып, 15 жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Алардын арасында төрттөө жаш балдар. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткирилген. Алардын арасында катуу жаракат алгандар жок.

Жол кырсыгы бүгүн, 29-октябрь күнү саат 12:30 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө болгон. Анда 8-автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен бара жатканда алдынан Хонда Фит унаасы чыккан, автобус андан буйтайм деп жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан